Понедельник, 20 мая

Израиль армиясы Газада мектепти бомбалаганын мойнуна алды

0

Израиль армиясы блокада астындагы Газа тилкесинде ондогон жаран өлтүрүлгөн Эль-Бурак мектебин бутага алгандыгын  мойнуна алды.

Израиль армиясынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Хамастын Насер Рыдван рота командири Ахмед Сиамдын Эль-Бурак мектебинде жашынып жүргөн жеринен өлтүрүлгөндүг» белгиленди. Бирок билдирүүдө мектепте баш калкалаган ондогон жарандын өлтүрүлгөндүгү айтылган эмес.

Израилдин  Газанын түндүгүндөгү Эль-Бурак мектебине кечээ жасаган абадан кол салуусунда ондогон жарандын каза болгондугу билдирилген.

Мектепке карата кол салуудан кийин  жаралуулар алып барылган Шифа ооруканасынын директору Мухаммед Эбу Селмия Аль Жахира каналына жасаган билдирүүсүндө Израилдин мектепке жасаган кол салуусунда кеминде  25 кишинин каза болгондугун  айткан.

Хамастан берилген маалыматта да Израилдин Газанын түндүгүнөн мажбурлоо менен  түштүктүгү аймактарга көчүрүлгөнд палестиналыктарды Салахаддин көчөсүндө бутага алгандыгы жана баш калкалоочулар жашаган Эль-Бурак мектебин аткан эки кол салууда 50дөн ашуун кишинин каза болгондугун жарыялаган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз