Суббота, 6 июня

БУУ жетекчиси Газада канча адамын жоготконун айтты

0

ХАМАС менен Израилдин ортосундагы согуштан улам Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) 101 кызматкери көз жумду. Бул туурасында БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерреш CNN телеканалына маек берип жатып айтты.

“Биз бүгүнкү күндөгү маалыматтарга таянсак, 101 кызматкерибизди жоготтук”, — деген Гуттереш.

Башкы катчы учурда БУУнун каза тапкан кызматкерлеринин саны өсүп жаткандыктан алар коопсуздукта деп эсептебей тургандыгын билдирген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз