Пятница, 20 сентября

Хизбуллах жөөттөрдүн аскердик пунктуна кол салды

0

Хизбуллах Ливандын түштүгүндөгү чек ара аймагында жайгашкан Израилдин аскердик пунктуна кол салды.

Хизбуллах Израиль-Ливан чек арасындагы кагылышууларга байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүүсүн жарыялады.

Билдирүүдө Израилдин «Мерк» аскердик пунктуна тиешелүү куралдар менен чабуул койгону жана буталардын толук тактык менен атылганы белгиленди.

Бир тараптан Ливандын расмий агенттиги NNAдагы кабарда Израиль күчтөрүнүн Ливандын чек ара аймагындагы Айта аш-Шааб жана Одейса шаарчаларынын айланасын артиллерия менен аткылаганы белгиленди.

8-октябрдан бери Израиль армиясы менен Хизбуллахтын ортосундагы кагылышууда 74 Хизбуллахтын мүчөсү жана 4 израилдик аскер каза болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз