Суббота, 27 июля

ХАМАС менен Израилдин ок атышпоо келишими дагы узады

0

Палестинанын ХАМАС кыймылы менен Израилдин элдешүүсү дагы эки күнгө узарды.

«ХАМАС кыймылы Катар жана Египеттин ортомчулугунун аркасында ишке ашып жаткан Израиль менен болгон элдешүүсүн мурдагы келишим шарттарында дагы эки күнгө узартууга макулдашканын билдирди», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Израиль армиясы менен Газа секторундагы ХАМАС кыймылынын ортосундагы төрт күндүк элдешүү 24-ноябрда күчүнө кирген. Катардын ортомчулугу менен эки тарап бир пикирге келгени өткөн шаршембиде белгилүү болгон. Бул — абал курчуп кеткен 7-октябрдан берки биринчи жолку ири макулдашуу. Мында тараптар төрт күнгө согушу токтотуп, туткундарды алмашмак.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз