Эдил Байсалов Кыргызстандын Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугундагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.
Андан тышкары, Искакова Гульнара Тентиевна Кыргызстандын Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугундагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси кызматынан бошотулду. Эки Жарлыкка тең президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон.