Салык кызматынын «Чек талап кылып, байге утуп!» лотереясынын II этабы соңуна чыгып, бүгүн 10 жаңы батирдин ээлери аныкталды.
Эскерте кетсек, лотерея 25-декабрдан бери ойнотулуп келди. Буга чейин iPhone 14 үлгүсүндөгү 521 телефон, 519 смартфон, 158 ноутбук жана 21 Dyson фени ойнотулган. Ал эми бүгүн түз эфирде Бишкекте жайгашкан 10 батирдин, 11 электромобиль жана чет өлкөгө төрт жолдомонун ээси аныкталды.