Суббота, 18 мая

Дүйнө жүзү боюнча ар бир онунчу бала иштөөгө аргасыз

0

2025-жылы дүйнө жүзүндөгү иштеген балдардын саны 121 млн.го чейин кыскарат.

Бүгүнкү күндө дүйнөдө орточо эсеп менен ар бир онунчу бала иштөөгө аргасыз болоору Эл аралык эмгек уюмунун докладында айтылды. БУУнун демилгеси менен 12-июнь балдарды жумуштан коргоо күнү деп белгиленген.

Эл аралык Эмгек Уюмунун эксперттеринин айтуусу боюнча балдардын иштөөсү алардын өнүгүүсүнө тоскоолдук жаратып алардын кадыр баркына жана физикалык жана акыл эстик өнүгүүсүнө тоскоол болот.

Эл аралык эмгек уюмунун берген маалыматы боюнча Африкада орто эсеп менен ар бир бешинчи бала иштөөгө аргасыз болот, ал эми араб өлкөлөрүндө ар бир 35 баладан бирөө, Европа жана Орто Азияда ар бир 25 баладан бирөө, америка континентинде ар бир 19 баладан бирөө, ал эми Азия жана Океан регионунда ар бир 14 баладан бирөө иштөөгө аргасыз болот.

Азыркы учурда 151 миллиондон ашык 5 жаштан 17 жашка чейинки балдар жана өспүрүмдөр жумушка тартылган. Алардын жарымы 5тен 11 жашка чейинкилер, 42 миллиону 12ден 14 жашка чейинкилер, 37 миллиону 15тен 17 жашка чейинки өспүрүм балдар.

Докладда көрсөтүлгөн маалымат боюнча 2000-жылы 245,5 миллион бала эмгекке тартылган болсо, бул көрсөткүч 2004-жылы 222,2 миллион, 2008-жылы 215,2 миллион, 2012-жылы 167,9 миллион балага жеткен.

2025-жылы бул көрсөткүчтүн 121 миллионго азайуусу күтүлүүдө.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз