Четверг, 9 мая

Афганистанда жарылуу болду

0

Афганистандын борбор шаары Кабулда шиит хазаралар жыш жашаган Дешт  — и  Берчи аймагындагы соода борборунда граната менен жасалган кол салууда  2 киши  каза болду.

Кабул коопсуздук директорлугунун катчысы Халид Задран Дешт  — и Берчи аймагындагы соода борборунда граната менен кол салуу болгонун билдирди. Кол салууда кеминде  2 кишинин каза болгондугун айткан Задран 12 кишинин да жаралангандыгын белгиледи.

Задран кылмышкерлерди кармоо аракеттеринин уланып жаткандыгын маалымдады.

Кол салуунун жоопкерчилигин азырынча эч ким моюнга ала элек.

Бир тараптан афган басма сөзүнүн билдиргенине караганда Мезар  —  ы Шериф шаарында да жергиликтүү убакыт боюнча  саат  15:00 чамаларында бир жарылуу болду бирок бул тууралуу азырынча билдирүү жасала элек.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз