Еврокомиссиянын вице-президенти Маргаритис Схинас 15-январда Бишкекке келет. Бул тууралуу Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү билдирет.
Схинас сапардын алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен жолугушууларды өткөрөт.