Түркияда акыркы бир жумада 45 террористтин жок кылынгандыгы билдирилди.
Түркиянын Улуттук коргоо министрлиги өткөргөн бир жумалык маалыматтандыруу жыйынында террор менен күрөшүүгө байланыштуу акыркы сандар бөлүшүлдү. Буга караганда акыркы бир жумада 45 террорист, 2023 — жыл менен бирге 2 миң 287 террорист жок кылынды.
Жыйында Ирактын түндүгүндөгү Метина, Гара, Хакрук, Кандил жана Асостогу террордук буталарга карата 6 — январда аткарылган аба операциясы менен араларында жооптуу террористтер да болгон үңкүр, баш калкалоочу жерлер, кампалардан турган 15 бутанын жардырылгандыгы билдирилди.