Пятница, 22 ноября

Израиль Газа секторуна деңиз блокадасын киргизди

0

Блокада палестиналык анклав тараптан Израилге күйгөн аба шарларынын учурулгандыгына байланыштуу киргизилди.

Израиль армиясы Газа секторуна палестиналык анклавдан Израиль тарапка күйүүчү аба шарларынын учурулгандыгына жооп иретинде деңиз блокадасын киргизүүнү чечти.  Бул тууралуу израилдик Yedioth Ahronoth гезити Израиль армиясына шилтеме жасап жазды.

Бул блокада андан аркы билдирүү келгенче улантылат деп айтылат маалыматта.

11-майда израилдик бийликтер Газа акваториясында балыкчылык зонасын 10дон алты деңиз милине чейин кыскартуу чечимин кабыл алган.  

Ослодо 1993-жылы Палестинаны боштондукка чыгаруу уюму жана Израилдин ортосунда кол коюлган макулдашууга ылайык, Газанын жашоочулары Тель-Авивдин эч кандай кийлигишүүсүсүз эле анклавдын жээгинде 20 милге чейин өндүрүштүк балык уулоо укугу бар, бирок Израилдин бийлиги көпчүлүк учурда бул ишмердүүлүктү чектеп коёт.

Эки миллионго жакын палестиналыктар жашаган Газа сектору 2006-жылдан тартып израилдик блокаданын астында калууда.

Палестинанын балыкчыларынын кесиптик кошуунунун маалыматы боюнча, Газадагы төрт миңге жакын адамдын кирешеси балыкчылык менен байланышкан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз