Бишкекте 23-25-январь күндөрү Иран киносунун күндөрү өтөт. Бул туурасында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Иш-чараны аталган өлкөнүн Кыргызстандагы элчилиги менен Кинематография департаменти биргеликте маданият жана кинематография тармагындагы кызматташтыктын алкагында уюштурууда. Бул күндөрү борбор калаанын тургундары 2017-2022-жылдары тартылган Ирандын түрдүү жанрдагы, анын ичинде дүйнөлүк кинофестивалдарда бааланган тасмаларын көрө алышат.
Кино күндөрүнүн расмий ачылышы 23-январда саат 14:00дө «Манас» кинотеатрынын чоң залында болуп, «Үмүт периштеси» аттуу картина тартууланат.
Министрлик кинолордун программасын жакында жарыялай турганын кошумчалады.