Воскресенье, 28 апреля

Дүйшөмбүдөн тарта Бишкекте жол кире кымбаттайт

0

15-январдан тарта Бишкек шаарында коомдук транспортто жол кире кымбаттайт.

«Тулпар» картасы менен төлөгөн жүргүнчүлөрдүн жол киреси 17 сом болот, ал эми нак акчанын тарифи 20 сомду түзөт. Эгер жаран MegaPay сервиси аркылуу төлөсө жол кире болгону 11 сом.

Жеке автобустар менен кичи автобустарда да тариф 20 сом деп белгиленген.

Бишкектин вице-мэри Максатбек Сазыкуловдун айтымында, баалардын кымбатташынын башкы максаты — муниципиалдык ишкананын кирешесин көбөйтүү эмес, жүргүнчүлөрдү төлөмдүн накталай эмес түрүнө өткөрүүгө шыктандыруу.

Азыркы учурда Бишкекте кичи автобустардын жол киреси 15 сом, ал эми автобус менен троллейбуста акысы 11 сом.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз