Пятница, 22 ноября

Россиянын алтын валюта кору $500 млрд.дан ашты

0

31-майдан 7-июнга чейин РФнын Борбордук банкынын (ББ) карамагында 502,7 миллиард доллар суммасындагы жогорку ликвидүү актив болгон.  

Россиянын алтын валюта кору 31-майдан 7-июнга чейинки аралыкта 1,5%га жогорулагандыгы РФнын ББнын маалыматында айтылган.

Регулятордун маалыматына ылайык, 31-майдан 7-июнга чейин регулятордун карамагында 502,7 миллиард доллар жогорку ликвиддүү актив болгон.

Кордун көлөмү 2014-жылдан бери алгачкы ирет 500 миллиард доллар белгиден ашкан.

Мурда Россиянын Борбордук банкынын жетекчиси Эльвира Набиуллина 500 млрд. доллар бул кризистик эпизоддор үчүн орточо сумма экендигин билдирген болчу. Андыктан жакынкы мезгилде биз бул чектен да ашып өтүшүбүз мүмкүн деди Набиуллина.

2008-жылы августта Россиянын эл аралык кору тарыхый жогорку чекке – 598 миллиард долларга жеткен.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз