Воскресенье, 24 ноября

«Жашыл мурас» кампаниясынын алкагында 7 млн 572 миң кɵчɵт отургузулду

0

«Жашыл мурас» улуттук кампаниясынын алкагында республика боюнча жалпы 7 млн 572 миң кɵчɵт отургузду. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык кɵзɵмɵл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган кампаниянын алкагында 2023-жылга 7 млн түп көчөт отургузуу пландалып, президенттин администрациясы, Жогорку Кеңештин депутаттары, Кыргызстан аялдар кеңешинин мүчɵлɵрү, КР Эл аралык университетинин студенттери жана окутуучулары, министирликтер, ведомстволор, банктар, жаштар бирикмелери, студенттер бирикмелери, «Кумтɵр Голд Компани» ААК, райондук администрациялар, мэриялар, мекеме, ишканалар жана айыл өкмөттөр арасында көчот отургузуу иш-чаралары өткөрүлдү.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз