Пятница, 17 мая

Россиянын полициясы эки чет өлкөдө гана эс алат

0

Чет өлкөгө чыгууга россиялык полиция кызматкерлерине 2014-жылы эле тыюу салынган.

Россия ИИМнин башчысы Владимир Колокольцевички иштер органдарынын кызматкерлери Түркия жана Таиландда эс алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон буйрук чыгаргандыгын  «Коммерсантъ» маалымдады.

Башка күч ведомстволорунун кызматкерлери сыяктуу эле россиялык полицияга 2014-жылы эле тыюу салынган.

Туристтик сапарга чыгууга сунуш кылынбаган 116 өлкөнүн тизмеси ошол учурда ИИМ тарабынан кабыл алынган.

Андан соң бул документке тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилген. Мисалы, тартип сакчыларына КМШ өлкөлөрүнө, Кытай, Вьетнам жана Куба өлкөлөрүнө барууга уруксат берилген, бирок эс алуу үчүн эң ыңгайлуу өлкөлөр, Түркия жана Таиланд полициялар үчүн тыюу салынган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз