Понедельник, 13 мая

Министрлик өлкөдөгү эң мыкты мектепти тандайт

0

Билим берүү жана илим министрлигинин “Кыргыз Республикасынын мыкты мектебин тандоо жөнүндө” буйругу чыкты.

Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, республикалык тандоо 5 этаптан турат.

Ага төмөндөгү жалпы билим берүү уюмдары катыша алат:

  • мурдагы жылдары жеңүүчү болуп аныкталбаган жана окуучулардын саны үч жүздөн кем эмес мектептер;
  • мыкты мектеп аталышына талапкерлер болуп район, шаар жана облус боюнча мыкты жетишкендиктерге ээ болгон мектеп;
  • билим сапаты жогору жана билим берүү кызматын өнүктүрүүдө, жаңы муундагы окуу-методикалык комплекстерди, анын ичинде электрондук билим берүү ресурстарын колдонууда ийгиликтүү тажрыйбасы бар мектеп;
  • профилдик жана автордук программаларды ишке ашырган, инсанга багтытталган окутууну өздөштүргөн, техникалык, эстетикалык ж.б. ийримдерди ийгиликтүү уюштурган мектеп.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз