Воскресенье, 28 апреля

Самбо боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт

0

23-25-февраль күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда спорттук жана күжүрмөн самбо боюнча эркектер жана кыз-келиндер арасында Кыргызстандын чемпионаты өтөт.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат. Жеңүүчүлөргө диплом жана медалдар тапшырылат.

Катышуучулар төмөнкү салмак категорияларында күч сынашат:

Спорттук жана күжүрмөн самбо (кыз-келиндер арасында): 50, 54, 59, 65, 72, 80, +80 кг;

Спорттук жана күжүрмөн самбо самбо (эркектер арасында): 58, 64, 71,79, 88, 98, +98 кг.

Мелдештин программасы:

Башталышы: 23-февраль, саат 10:00;

Салтанаттуу ачылышы аземи: 23-февраль, саат 16:00.

Эскерте кетсек, самбо боюнча республикалык чемпионат Дене тарбия жана спорт департаментине караштуу Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекция жана КР Самбо федерациясы тарабынан уюштурулууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз