Воскресенье, 19 апреля

Төрөбаев: Бишкектеги ышты кескин азайттык

0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин коллегиялык жыйынына катышты.

Өкмөттөн билдиришкендей, анда минкаб башчысынын орун басары өлкөнүн уникалдуу экологиялык тутумун сактоо, жарандарынын жашоо-турмушунун жагымдуу чөйрөсүн түзүү, айлана-чөйрөнү жана жаратылыш ресурстарын, анын ичинде биоресурстарды, жер казынасын, суу ресурстарын, экологияны жана климатты коргоону камсыз кылуу, ошондой эле экологиялык, өнөр-жайлык коопсуздуктун талаптарынын сакталышы мамлекет үчүн алдыңкы орундагы маселе экенин эске салды.

Минкаб башчысынын орун басары быйыл Бишкек шаарында былтыркы жылга караганда “кара түтүн каптоо” кескин кыскарганын, бул министрлик менен башка мамлекеттик органдардын бирдиктүү ишинин жыйынтыгы экенин белгиледи.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз