Воскресенье, 28 апреля

Ысык-Көлдө туристтердин коопсуздугун камсыздоо маселеси талкууланды

0

Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн орун басары Айнура Султанбаева туристтердин жана эс алуучулардын коопсуздугун камсыздоо боюнча чукул жыйын өткөрдү.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жыйында Султанбаева аймактагы акыркы окуялар боюнча тынчсыздануусун билдирди.

Тактап айтканда, Каракол тоо лыжа базасында жолдун тайгактыгынан кырсык болуп, анын кесепетинен унаалар жабыркаган. Мындан тышкары, Ак-Суу районунун Шахты-Жыргалаң аймагында төрт чет элдик турист кар көчкү алдында калып каза болгон.

Ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары каза болгондордун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аймактагы коопсуздукту чыңдоо боюнча тиешелүү кызматтарга тез арада чараларды көрүү боюнча тапшырмаларды берди.

«Кырсык каш-кабактын ортосунда. Андыктан адам өмүрүнө коркунуч туудурган кокустуктарды жана терс окуялардын алдын алуу боюнча бардык кызыкдар тараптарды, анын ичинде туризм уюмдарын, укук коргоо органдарын жана жергиликтүү жамааттарды аймакка келген бардык коноктордун коопсуздугун жана ыңгайлуулугун камсыз кылууга чакырам», — деди ал.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз