Понедельник, 20 мая

Жоламан да алтын медаль тагынды

0

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча мүчөсү Жоламан Шаршенбеков Yasar Dogu, Vehbe Emre & Hamit Kaplan эл аралык мелдешинде алтын медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Спорттук иш-чара Түркиянын Анталия шаарында өтүп жатат. 7-мартта башталган биринчилик 11-мартта аяктайт.

Спортчу 60 кг салмакта күчүн сынаган.

Шаршенбеков 1/8 финалдагы биринчи беттешинде казакстандык спортчуну 9:0 эсебинде жеңди. Андан кийин чейрек финалда түркиялык балбанды 9:0 эсебинде артта калтырды.

Жарым финалда Шаршенбеков өзбекстандык спортчу 8:0 эсебинде жеңип, чечүүчү кармашта ирандык спортчуну жеңип, турнирдин жеңүүчүсү аталды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз