Суббота, 23 ноября

Газада балдар ачкадан өлүүдө

0

Газада Рамазан айынын биринчи күнүндө инкубатордогу дагы эки ымыркай ачкадан чарчап калды.

Израилдин бир нече айдан бери кол салууларын уланткан жана жардамдардын киришине тоскоол болуу менен чоң «гуманитардык апаатка» себеп болгон Газа тилкесинде тамактануу жана медициналык жабдуулардын жетишсиздигинен инкубаторлордогу дагы эки наристе каза болду.

Газанын түндүгүндөгү Бейт Лахияда жайгашкан Кемал Адван ооруканасынын реанимация бөлүмүндөгү педиатр Самир Лебид: «Рамазан айынын биринчи күнүндө 2 наристе ооруканада ачкадан чарчап калды»,- деди.

Бул өлүмдөрдүн Израилдин Газа тилкесинин түндүгүнө азык-түлүк жана медициналык каражаттардын киришине тоскоол болушунун натыйжасында болгонун баса белгилеген Лебид, жетишсиз тамактануунун, инкубатордогулар менен бирге наристелер үчүн негизги азык сүт сыяктуу тамак-аштын жетишсиздигинен келип чыкканын айтты.

Лебид эгер азыркы абал улана берсе, «жетишсиз тамактануунун айынан дагы көптөгөн балдардын өлүмүнө алып келе турган медициналык апаат болоорун» эскертти.

Палестиналык дарыгер, бардык эл аралык мекемелерди жана Кызыл Крест уюмун «Газанын түндүгүндөгү элге азык-түлүк жана медициналык буюмдарды жеткирүү үчүн тез арада чара көрүүгө» чакырды.

Рамазан айынын биринчи күнүндө дагы 2 ымыркайдын өлүмү менен Газа тилкесинде ачкадан жана жетишсиз тамактануудан каза болгондордун саны 27ге жетти.

Израиль армиясынын 7-октябрдан бери Газа тилкесине кол салууларында көбү балдар жана аялдардан турган 31 миң 112 палестиналык каза болуп, 72 миң 760 киши жараланды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз