Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов парламентте атайын билдирүү жасап, анын мандатын алууга башкы прокурор Курманкул Зулушев кызыкдар болгон деп айыптады. Атазов башкы прокурорду кызматтан кетүүгө чакырды.
Атазов мурдагы бажычы Райымбек Матраимов менен байланышы, парламенттин бедели, ага карата каралоо жөнүндө дагы билдирүү жасап, президентке кайрылды.
«Ушул мандатты эки жылдан бери артыман кууп жүрүп Башкы прокурор максатына жетти. Матраимовго байланышы бар деп жатасыңар. Урматтуу кыргыз элим Матраимов менен байланышы жок кайсы саясатчы бар? Кыргыз спортун көтөрүү үчүн Матраимовго чейин дагы өтө көп адамдар менен байланышкам. Мына башкы прокурор Зулушев сиз өзүңүз кан досу болуп, уча тартып, туулган күнүңүздө «Раим досум келгиче жебей тургула» дебедиңиз беле. Үч жылдан бери башкы прокурор болуп отурасыз, ал киши чоң кылмышкер болсо, көрбөй калдыңызбы? Кечээ муфтиятты ачып жатканда кармап албайт белеңиз», — деди Атазов.