Понедельник, 25 ноября

Украина Орусиянын мунай заводдорун бутага алды

0

Орусиянын 3 мунай иштетүүчү заводу (Рязань, Кстово жана Киришах шаарларында) Украина Коопсуздук кызматы (UGS) тарабынан жасалган учкучсуз учуучу аппараттарынын кол салуусуна дуушар болду.

Украина басма сөзү кабарды Украина Коопсуздук кызматындагы булагына таянып берди. Алынган маалыматка караганда кол салуулар орус мунай рафинерияларына карата жүргүзүлгөн атайын операциялардын бир бөлүгү.

Маалыматта: «Орусия Федерциясынын экономикалык потенциалын азайтуу стратегиябызды системалуу түрдө ишке ашыруудабыз. Максатыбыз — душманды ресурстарынан ажыратуу жана Украина жарандарын өлтүрүүгө жумшаган мунай кирешелерин жана күйүүчү майларды азайтуу», — деди.

Рязань облусунун башкаруусунун  маалыматы боюнча, кол салуудан улам эртең мененки саат 7 чамасында Рязань шаарындагы заводдо өрт чыкты. Өрт төрт сааттан кийин көзөмөлгө алынды.

Кстово жана Киришах шаарларындагы учкучсуз учуучу аппараттар менен кол салууларынын жыйынтыктарына байланыштуу расмий мекемелер азырынча маалымат бере элек. Муну менен бирдикте Ленинград облусунун губернатору (бул аймакта Киришах шаары жайгашкан) эртең менен мунай иштетүүчү заводго кол салууга аракет кылган бир дрондун атып түшүрүлгөнүн билдирди.

Орусия Федерациясынын коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, түнү жана эртең менен Орусиянын аймактарынын үстүнөн 60тан ашык учкучсуз учуучу аппарат жок кылынды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз