Суббота, 23 ноября

АКШ Иран боюнча баардык кадамдарга даяр

0

Ак үйдүн кожоюну Тегеран менен болгон мамиле боюнча кырдаалга түшүндүрмө берди.

АКШ Иран менен болгон мамиледе кырдаалдын ар кандай жагдайга өзгөрүп кетүүсүнө даяр экендигин АКШ президенти Дональд Трамп Ак үйдө журналисттерге берген маалыматында.

Президенттин айтуусунда, Жакынкы Чыгышта болуп жаткан окуяларга кылдаттык менен байкоо жүргүзүп, бир катар адамдар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

«Убакыт көрсөтөт. АКШ Иран маселеси боюнча окуялардын ар кандай өзгөрүп кетүүсүнө даяр»,- деп баса белгиледи Ак үйдүн кожоюну.

Ошол эле учурда АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео АКШнын Флоридадагы Борбордук командачылыгынын штаб-квартирасында (CENTCOM)  Вашигтон Тегеран менен согушту каалабай тургандыгын, бирок эгер Иран Перс булуңунда «жакпаган ишмердүүлүк» жүргүзсө, тиешелүү чараларды көрүүгө даяр экендигин журналисттерге билдирди.

«Ак үйдүн администрациясы ядролук куралды байытууну күчөткөн аракетин токтотууга милдеттүү»,- деди Помпео.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз