Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Түркиянын тарыхый Сакария шаарынын мэри менен эки шаардын достук, кызматташтыгы боюнча келишимге кол койду.
Шаар мэри Сакарияда канча иш-чараларга катышып, тарыхый эки шаардын кызматташуусу оң натыйжа бере тургандыгын айтып өттү.
Т. Сарыбашов Сакария университетинде билим алып жаткан кыргызстандык студенттер менен да жолугушуп, кызыктырган суроолоруна жооп берди.
Сакария өнөр жайлуу шаар болуп саналып, жаратылышы жана тарыхы менен Түркиянын эң маанилүү шаарларынын бири катары эсептелет.