Пятница, 17 мая

Россиянын Коопсуздук кеңеши Перс булуңун талкуулады

0

Жыйын Владимир Путиндин төрагалыгы астында өттү.

Россиянын президенти Владимир Путин Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөлөрү менен ыкчам жыйналыш өткөргөндүгүн Кремлдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйында Перс булуңундагы кырдаал талкууланды. «Жыйындын катышуучулары аталган аймакта түзүлгөн жагдайга өтө тынчсызданып жатышкандыгын билдиришти жана касташкан өлкөлөрдү чыдамкайлыкка чакырышты»,- деп айтылат пресс-релизде.

Ошондой эле «ойлонулбаган кадамдар аймактык жана дүйнөлүк кооптуулук үчүн орду толгус кесепеттерге алып келиши мүмкүн»,- экендиги белгиленген.

Жыйындын катышуучулары мындан тышкары Грузиядагы кырдаалды карашты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз