Воскресенье, 29 сентября

БУУ 11-июлду Сребреницадагы геноциддин курмандыктарын эскерүү күнү деп бекитти

0

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамбеясы кечээки 23-майдагы чечими менен Сребреницадагы геноциддин курмандыктарын эскерүү күнүн бекитти.

Резолюцияга 84 өлкө «макул» деген добушун берди, 19у каршылыгын билдирди, 68и добуш берүүдөн карманды. Катуу каршылыгын Сербия жана босниялык сербдердин жетекчилиги билдирди.

Резолюцияда Босния жана Герцеговинанын курамындагы Серб республикасынын (Republika Srpska) аймагында жайгашкан Сребреница шаарындагы 29 жыл мурдагы окуяны кыргын катары эскерүү күнүн негиздөө тууралуу жазылган.

1995-жылдын 11-июлунда, 1992-1995-жылдардагы Босния согушунун соңунда, БУУ “коопсуздук зонасы” деп жарыялаган Сребреница анклавынын чет жакасындагы Поточари кыштагында босниялык сербдердин куралчан топтору 8 миңден ашуун босниялык мусулман эркекти, анын ичинде эркек балдарды өлтүрүшкөн. Бул Экинчи дүйнөлүк согуштан берки Европадагы эң чоң кыргын болгон.

БУУнун Гаагадагы Эл аралык трибуналы мурдагы Югославиядагы согуш кылмыштарын иликтеп чыгып, аны геноцид деп тааныган. 2007-жылы Эл аралык сот бул чечимди тастыктаган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз