Воскресенье, 29 сентября

Эскертүү! Бишкек жана Чүйдө катуу шамал күтүлөт

0

Жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал жана күн күркүрөшү күтүлөт.

Кыргызгидромет кызматынан билдиришкендей, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Катуу шамал учурунда:

— унааңызды имарат жана бак-дарактын түбүнө токтотпоңуз;
— электр чубалгылары турган жерге барбаңыз;
— көз айнек кийиңиз.

Кырсык катталган учурда 112 номерине байланышыңыз!

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз