Пятница, 20 сентября

Иран душмандардын учагын мындан ары да жок кыла берет

0

Тегеран душманга аёосуз жооп берүүгө даяр.

Ирандын аскер-аба күчтөрүнүн (ААК) командири адмирал Хоссейн Ханзади мындан ары да өлкөнүн аба мейкиндигин бузган учуучу аппараттарды атып түшүрүүгө даяр экендигин билдиргендигин Fars News агенттиги маалымдады.

Командир америкалык учкучсуз учуучу аппараттын жок кылынгандыгын “аёосуз жооп” деп атады.

“Душман тыюу салынган аймакка өтө заманбап учкучсуз учагын жөнөткөн жана бул аппарат токтотулгандыгын баардыгы көрүштү. Иран бул кадамга мындан ары да бара берүүгө даяр”,- деди Ханзади.

24-июнда АКШ президенти Дональд Трамп америкалык атып түшүрүлгөн учкучсуз учакка жана Оман кысыгындагы эки танкерге жасалган чабуулга жооп болуп саналган  Иранга каршы жаңы санкцияларды жарыяламакчы.

Ак үйдүн кожоюну ошондой эле америкалык армиянын Иранга чабуулун ал башталарга 10 минута калганда токтоткондугун да маалымдады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз