Суббота, 19 октября

Кыймылсыз мүлктү каттоо алымы 10 эсеге кымбаттады

0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Кыргызстанда накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча кошумча чаралар” жөнүндө токтом долбооруна кол койду.

Ага ылайык, кыймылсыз мүлктөрдүн менчик укугун тариздөөдө накталай төлөм жүргүзүүнүн мамлекеттик алымы 10 эсеге кымбаттады.

Мындан ары накталай акча менен мүлк-алып саткандар болсо аны кайра каттоо туугандарга жана жакындарга 10 миң сом, башка жарандарга 20 миң сом жана юридикалык тараптарга 50 миң сом болот.

Тараптар мүлктөрдү алып-сатууда эсептешүүнү банктардагы эсептери аркылуу накталай эмес формада жүргүзсө мурдагыдай эле төлөт. Анын наркы биринчи топтогуларга 1 миң сом, экинчи топтогуларга 2 миң сом жана үчүнчү топтогулар 5 миң сом боюнча калат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз