Пятница, 18 октября

Ташиев көп балалуу жалгыз бой энеге батир белек кылды

0

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жашы жете элек сегиз баланы тарбиялап жаткан жалгыз бой энеге Токмок шаарынан үч бөлмөлүү батир берди. Бул тууралуу аталган комитеттин маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин турмуштук оор кырдаалга кабылган келин Ташиевге турак жай берүү маселесин кароо өтүнүчү менен кайрылган.

Батирде бардык керектүү эмеректер бар. Аял УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге терең ыраазычылык билдирди.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз