Пятница, 17 мая

АКШ Ирандын лидерине каршы санкция киргизет 

0

Америка Кошмо Штаттары Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеиге каршы санкция киргизет. Бул тууралуу АКШнын президенти Дональд Трамп тийиштүү буйрукка кол коюу алдында билдирди.

Трамптын айтымында, санкциялар Ирандын агрессиялуу иш-аракеттерине, анын ичинде америкалык учкучсуз учактын атып түшүрүлүшүнө жооп болот. АКШнын ырасташынча, Иран 20-июнда АКШнын учкучсуз учагын атып түшүргөн.

Трамптын айтымында, санкциялар Хаменеинин жардамчыларына да киргизилет. АКШ каржы министри Стивен Мнучин санкцияга ылайык, миллиарддаган долларга тете иран активдери тоңдуруларын ырастады. 

Мнучиндин билдиришинче, Вашингтон Иран ИИМ башчысы Мухаммед Жавад Зарифге дагы чектөөлөрдү камдоодо.

Дональд Трамп АКШ Иран менен жаңжалды каалабай турганын айтты:

Бирок АКШ Иранга өзөктүк куралдын ээси болууга жол бербейт, ошондой эле Тегеранды террордук топторго колдоо көрсөтпөөгө мажбурлайт.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео 24-июнда Сауд Арабиясына жана Бириккен Араб Эмираттарына барды. Ирандын тегерегинде кырдаалдын курчушу – сүйлөшүүлөрдүн күн тартибинде турган негизги маселе.

АКШ, Сауд Арабиясы, Британия жана Бириккен Араб Эмираттары биргелешкен билдирүү менен чыгып, Иранды аймактагы туруктуулукту бузган ар кандай кадамдардан баш тартууга үндөшкөн. АКШ жана анын өнөктөштөрү Иранды Оман булуңунда мунай ташыган танкерлерге коюлган чабуул үчүн айыптап, Жакынкы Чыгышка миңдей аскер жөнөтөрүн билдирген. 13-июнда Оман булуңунда эки мунай танкерине чабуул коюлган. Тегеран өз дарегине айтылган дооматтарды четке кагууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз