Воскресенье, 29 сентября

Бишкекте бүгүндөн тарта №15 троллейбус каттамы жабылат

0

 Бүгүн, 1-июндан тарта Асанбай кичи районунан Аламүдүн-1 кичи районуна чейин убактылуу каттаган №15 троллейбустук каттам жабылат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, мындай чечим каттамдын рентабелсиздигинен жана айдоочулардын жетишсиздигинен улам кабыл алынган.

Негизги себептери:

— Жүргүнчүлөрдүн агымы аз, айрыкча жай мезгилинде жүргүнчүлөрдүн басымдуу бөлүгү студенттер эс алууга кеткен.
— №15 маршрутту кайталаган башка автобустук каттамдардын болушу анын ишин экономикалык жактан жараксыз кылат.

Мэрия жарандардан ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз