Суббота, 28 сентября

Сузакта “Хизб ут-Тахрир” уюмунун активдүү мүчөлөрү кармалды

0

31-майда Кыргызстанда тыюу салынган “Хизб ут-Тахрир аль-Ислами” диний-экстремисттик уюмунун 6 активдүү мүчөсү кармалды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, аталган адамдар Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Бек-Абад айылында экстремисттик идеологияны активдүү жайылтышкан.

Жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин натыйжасында экстремисттик мүнөздөгү көп сандагы адабияттар, баракчалар, уюлдук телефондор жана электрондук алып жүрүүчү каражаттар табылды.

Бул адамдар «ХТИ» ДЭУнун катарына жаңы жактоочуларды тартуу максатында жергиликтүү калк арасында экстремисттик идеологияны үгүттөө иштерин системалуу түрдө жүргүзүп келишкен.

Кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилип, алардын кошумча кылмыштуу байланыштарын аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз