27-июнда «Ташкент-Тамчы» аба каттамында Өзбекстандан Ысык-Көлгө туристтер келишти. 2019-жылдын жайкы эс алуу сезонунда бул эл аралык чартердик рейс менен 3 миңге жакын туристтин келиши күтүлүүдө.
Бул жайкы сезондогу чартердик рейстер Кыргызстандагы «Inspiro Travel and Logistics» компаниясы менен Өзбекстандагы «Asia Lux» туроператору тарабынан уюштурулду.
«Ысык-Көл» Эл аралык аба майданына учуп келген 140 туристтер үчүн атайын салтанаттуу азем уюштурулду. Бул маараке Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Туризм департаментинин директору Максат Дамир уулу, Өзбекстандын Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комитетинин өкүлү Сардор Сайдирасулов, жана USAIDдин Кыргыз Республикасындагы миссиясынын директору Гари Линдендин катышуусу менен өттү.
Бул аба каттамды уюштурууда USAIDдин Борбор Азиядагы туризмди күчөтүү жана жумуш орундарын түзүү максатында көмөк көрсөткөн. Бул эл аралык уюм Кыргызстанда туризмди өсүүгө потенциалы жогоруга болгон экономикалык сектору катары өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүп келет. Акыркы беш жылда, USAID мейманканалардын жана гиддердин кызматын жакшыртууга, жаңы маршруттарды картага түшүрүүгө, жаңы туристтик продукттарды түзүүгө, туристтер үчүн жүздөгөн атайын жол белгилерин орнотууга көмөктөштү. Андан тышкары, USAIDдин колдоосу менен Кыргызстан алдыңкы эл аралык туристтик көргөзмөлөргө катышты.
Бул жана башка иш-чаралардын натыйжасында, Lonely Planet эл аралык басылмасы Кыргызстанды 2019-жылкы бара турган топ-5 туристтик багыттарга киргизди.