Суббота, 23 ноября

Россия менен Түркиянын соодасы өсүүдө

0

Түркиялык кесиптеши менен жолугууда россиялык президент эки өлкөнүн туризм тармагындагы  кызматташтыгы да өнүгүп жаткандыгын белгиледи.  

РФнын президенти Владимир Путин өзүнүн түркиялык кесиптеши Режеп Тайип Эрдоганга эки тараптуу күн тартибиндеги маселелерди, ошондой эле эл аралык тематиканы да талкуулоону сунуш кылды. 

Жолугушуунун башында Путин Түркиянын президенти менен дагы бир ирет жолугуп, учурдагы иштерди талкуулоого шарт түзүлгөндүгү үчүн кубанычта экендигин билдирди. “Биз эки тараптуу жана эл аралык маселелердин күн тартибинде бир катар талкуулана турган маселелер бар.Ошондуктан мен сиз менен жолуккандыгыма өтө кубанычта экендигин дагы бир ирет баса белгилегим келет”,- деди Путин ишмебиде Эрдоган менен жолугушууда. 

«Алгач дароо эле 2018-жылы товар жүгүртүүнүн көрсөткүчү 16%га өскөндүгүн белгилеп кетким келет. Биз сиз менен эки тараптан тең инвестициянын көлөмү жетишерлик жогору, $10 млрд. экендигин белгилей кетким келет жана бул сумманы дагы жогорулатуу зарыл деп ойлоймун. Биз €900 млн. көлөмүндө инвестициялык платформаны түзүү тууралуу маселени чечүүдөбүз№,- деп белгиледи россиялык лидер. Ал ири эки тараптуу долбоорлор тууралуу да эске салды. «Июль айында Екатеринбургдагы “Иннопром” эл аралык көргөзмөдө Түркиянын өнөктөш-өлкө катары катышуусу да маанилүү окуя болот”,- деп белгиледи РФнын президенти. 

Путин туристтик кызматташтыктарга да көңүл бурду. «Өткөн жылы Россиядан Түркияга 6 млн. туристтер барып эс алышты, бул рекорддук көрсөткүч. Биздин туристтер кантип эс алууну билишет жана өздөрүнүн жыргалчылыгы үчүн акчасын аяшпайт. Түркиялык өнөктөштөрдүн кирешеси $5 млрд.дды түздү”,- деди Путин. Ал быйылкы Россия жана Түркиянын бири биринде өтүп жаткан маданият жана туризм жылында бул багытта жаңы ийгиликтер жараларына ишене тургандыгын баса белгиледи. 

«Бизде эки тараптуу жана эл аралык темада башка бир топ маселелер бар. Ошондуктан мен сиз менен бүгүн жолугуп жаткандыгым үчүн өтө кубанычта экендигимди дагы бир ирет баса белгилегим келет”,- деди Путин. 

РФ жана Туркиянын мамилелериндеги жаңы дем

Эрдоган салт боюнча жолугушууну саламдашуу менен баштап, Путинди “урматтуу дос”,- деп атады. «Акыркы мезгилде биз биздин түрк-орус мамилелерине жаңы дем бергендигибизди өзгөчө белгилей кетким келет”,- деди ал. Түркиянын президенти кезектеги россия-түркиялык аралаш экономикалык комиссиянын жыйыны Түркияда өтөрүн белгиледи. 

Эрдоган “Аккую” АЭСи долбоорунун ишке ашуусуна да көңүл бурду. «АЭСтин биринчи бөлүгүн 2023-жылы тапшыруу чоң мааниге ээ. Бирок башка тарабынан биз ядролук эмес жабдык туркиялык рынок тарабынан камсыздалуусуна чоң маани беребиз”,- деди Түркиянын президенти. 

Кызматташтыктын туристтик багыты тууралуу айтып, Эрдоган россиялык туристтердин эс алууга чоң маани берүүсү Түркиянын бул индустриясына кошумча колдоо болуп саналарын белгиледи. 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз