Иш чаранын ачылыш аземине президент Касым-Жомарт Токаев катышты.
Казакстандын борборунда шейшемби күнү соттун жана “Астана” эл аралык борборуна (ЭАКБ) караштуу Эл аралык арбитраждык борбордун ачылышы болду.
Astana Finance Days форумунун экинчи күнүнүн алкагындагы бул иш чарага президент Касым-Жомарт Токаев, премьер-министр Аскар Мамин, ЭАКБнын судьялары жана башкалар катышты.
Өз сөзүндө Токаев инвесторлордун Казакстанга чоң кызыгуусун баса белгиледи.
“Сот жана ЭАКБнын арбитраждык борборун түзүү менен биз каржы борборунун институционалдык түзүмүн курууну аяктайбыз. Дүйнөдөгү биздин атаандаштык жөндөмдүүлүгүбүздү жана өз ордубузду табуунун учуру келди”,- деди Токаев.
Мамлекет башчынын айтуусунда, ЭАКБ алдыңкы каржылык борборлордун мисалында түзүлгөн жана аймактагы флагман болууга тийиш.
ЭАКБ Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин демилгеси менен түзүлгөн.