Четверг, 9 мая

ЕБнин Борбор Азия боюнча жаңы Стратегиясы Кыргызстанда таанытылды

0

Кыргызстандынтөрагалыгында өткөн  Европа Биримдиги (ЕБ) менен Борбор Азиянын тышкы иштер министрлеринин 15-жыйналышында 17-июнда кабыл алынган «ЕБнин Борбор Азия боюнча жаңы стратегиясы» таанытылды.

Европа Биримдиги (ЕБ) менен Борбор Азиянын тышкы иштер министрлеринин 15-жыйналышы Кыргызстандын борбор шаары Бишкекте өттү.

Бишкектеги Президенттик резиденциянын Конгресс борборунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков, жыйналышка катышкан ЕБнин Тышкы иштери жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини менен катар Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов, Казакстандын тышкы иштер министри Бейбут Атамкулов, Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин жана Түркмөнстандын тышкы иштер министринин орун басары Вепа Хажыевди бир-бирден тосуп алды.

2,5 саатка созулган жыйналыштан кийин Айдарбеков менен Могерини биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү.

Айдарбеков жыйналышта, ЕБнин Борбор Азия боюнча жаңы стратегиясынын таанытылганын жана стратегиянын натыйжалуу ишке ашырылышын арттыруу темасын карагандарын айтты.

Жыйналышта ЕБ менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосунда кеңири масштабдуу темалардын жана кызматташтык тууралуу күн тартибиндеги маселелерге баа берилгенин белгилеген Айдарбеков: «ЕБнин Борбор Азия Стратегиясында орун алган укуктун үстөмдүгү, демократияны илгерилетүү жана адам укуктарын камсыздоо, коопсуздукту камсыздоо, курчап турган чөйрө, климаттын өзгөрүлүшү жана суу ресурстарын башкаруу, жеке секторду өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү, сооданы өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн экономикасына, энергетикасына санариптик технологияларды киргизүү, транспорттук байланыштарды өнүктүрүү, билим берүү жана жаштар сыяктуу ЕБдин  жаңы Стратегиясынын алкагындагы негизги багыттарды натыйжалуу ишке ашыруу маселелери боюнча пикир алмаштык»,- деди.

Айдарбеков жаңы стратегияда Ооганстанга атайын маани берилишин ыраазычылык менен кабыл алгандарын айтып, аймактык коопсуздуктун күчтөндүрүлүшүн жана Ооганстанда тынчтыкты камсыздоону максаттаган бардык эл аралык демилгелерди колдогондорун билдирди.

Жыйналышта Борбор Азия өлкөлөрү жана ЕБдин ортосундагы пайдалуу кызматташтыкты эки тараптуу түрдө дагы өнүктүрүү багытындагы чечкиндүүлүккө басым жасалганын түшүндүргөн Айдарбеков, ушул алкакта ЕБдин Борбор Азия аймагынын ырааттуулугу, коопсуздугу жана туруктуу өнүгүүсүн колдоосун уланта турганы айтылганын маалымдады.

ЕБнин тышкы иштери жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини да, «Борбор Азия өлкөлөрүнүн күчтөнүшүн каалайбыз. Аймакта жакырчылык менен күрөшүү жана адам укуктарынын дагы күчтүү болушун каалайбыз»,- деп айтты.

Могерини, Борбор Азия өлкөлөрүнүн кызматташтык потенциалына ишенгендерин, ЕБнин 28 мүчө өлкөсү тарабынан кабыл алынган ЕБдин Борбор Азия Стратегиясынын Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташтыктын өнүгүүсүнө салым кошо турганын белгиледи.

ЕБдин Борбор Азия өлкөлөрүнө колдоосун уланта турганын айткан Могерини: «Аймакта жеке менчик секторго эң көп инвестиция салган ЕБ өлкөлөрү болуп саналат. Өнөктөштүгүбүз өлкөлөрүбүзгө пайда алып келет. Карым-катнаштарыбыз тереңдейт. Мындан кийинки кадамда кызматташтыктын жаңы деңгээлге жетишин каалайбыз»,-деп айтты.

Могерини, Борбор Азия өлкөлөрүнүн аймактагы баңги зат сатуу, терроризм жана чек ара маселелерин биргелешип ашып өтө тургандарын баса белгиледи.

Борбор Азияда бүгүн тарыхый күн болгонуна көңүл бурган Могерини, Кыргызастанда билим берүү тармагы үчүн 35 миллион евро, Тажикстанда экономиканын өнүктүрүлүшү үчүн 14 миллион евро жана  Арал көлүнүн жаңыдан жанданышы үчүн материалдык колдоо көрсөтө тургандарын кошумчалады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз