Суббота, 23 ноября

Грециядагы парламенттик шайлоодо оппозиция жеңүүдө

0

Кириакос Мицотакистин оппозициялык “Жаңы демократия” партиясы Греция парламентине болгон шайлоодо жалгыз жеңишке жетүүдө. Бул тууралуу экзит-полдун жыйынтыгында белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, “Жаңы демократия” 38-42% добуштарды, башкаруучу премьер-министр Алексис Ципрастын СИРИЗА партиясы — 26,5-30,5% алууда.

Божомолдорго ылайык, 300 орундук парламентте “Жаңы демократия” 155-67, СИРИЗА – 77-82 орун алары күтүлүүдө. 

КИНАЛ (мурдагы ПАСОК) өзгөрүү кыймылы үчүн 6-8%, Греция компартиясына  5-7%, МЕРА кыймылына 25 3-5%, «Хриси авги» ултраоңчул партиясына — 2,8-4,8% жана ултраоңчул Кириакос Велопулостун  «Грек чечимине» («Эллиники лиси») -2,5-4,5% шайлоочулар добуш беришти.

Грецияда 7-июлда парламентке мөөнөтүнөн мурда шайлоо болду.  

Өлкөдөгү шайлоочулардын саны 10 миллион адамга жакын. 21 478 шайлоо участокторунда добуш берүү жергиликтүү убакыт боюнча саат  07:00дө башталып, 19:00гө чейин улантылды.  

Белгиленген мөөнөттөн 3 ай мурда өткөн парламенттик шайлоого 20 саясый партиялардын талапкерлери катышты. 

300 орундук парламенттеги шайлоо өткөөлү 3%ды түзөт. 

1928-жылдан бери алгачкы ирет Грецияда парламенттик шайлоо жайында өттү. 35 даража ысыктан көпчүлүк шайлоочулар добуш берүүгө келишкен жок. 

Грециянын премьер-министри жана башкаруучу  СИРИЗА партиясынын лидери Алексис Ципрас Афинадагы Кипсели округунда добуш берди. 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз