Интернеттеги YouTube каналына Бишкектин “Дордой” базарынын айланасындагы мечиттердин биринде Ыйык Рамазан күндөрү фитир-садака уурдалган видео тарады. Жашыруун уюлдук телефон аркылуу тартылганга окшогон бул 2-3 мүнөттүк тасманы баяндаган, “Президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу. Орозо битир уурдалууда” деген тема коюлуп, фитир-садака ташталган жашикти кимдер, кантип ачып, андан соң белгисиз жакка кетип калышкандыгы баяндалган.
Анда “… ушул машина, 84-96 деген. Бул киши казыяттан келди, жөн эле келген жок, Эгер орозо-фитирге муфтият же казыяттан келсе, анда 3-4 киши болуп биргеликте келишет. Имам менен биргеликте, дагы бир аксакалыбыз бар, жыл сайын адат болуп калган, жашикти чукулап турушат. Орозонун 20 күнү болуп калды, бей-бечаралардын акысы болгон фитир-садаканы алып кетишет. Азыр команда беришет, ачкыла деп, анан ачабыз..”,- деген сөзүнөн кийин ошол фитир-садака салынган акчаны 2-3 киши эсептеп жаткандыгы, 20, 50, 100, 200, 500 сомдук купюралар көрүнөт. Акырында кимдир-бирөөлөр мечиттен чыгып кеткендиги артынан тартылган.
Балким, бул окуяны муфтият билбестир. Ошондуктан Ыйык Рамазан айында бей-бечараларга жардам деп атайын орнотулган жашикке ташталган фитир-садаканы кимдер, кайда алып кеткендиги тууралуу маалымат берип коёр.