Воскресенье, 24 ноября

Boeing авиалайнер өндүрүүдөгү биринчиликти алдырып жибериши мүмкүн 

0

Чет элдик басылмалардын маалыматына караганда, америкалык Boeing корпорациясы жарандык авиациядагы учактарды өндүрүүдө биринчиликти европалык атаандашы – Airbus компаниясына алдырып жибериши мүмкүн.

Boeing 2012-жылдан бери биринчиликти бербей келе жаткан. Бирок 737 MAX үлгүсүндөгү эки жаңы учагынын кыйрашы жана бул модификациядагы лайнерлердин учууларынын токтотулушу компаниянын кирешесине олуттуу сокку урду. Дүйшөбү күнү Сауд Арабиясынын Flyadeal авиакомпаниясы Boeing компаниясына берген тапшырыгынан баш тартып, Airbus компаниясын тандады. Boeing корпорациясынын чыгышалары 6 миллиард долларга бааланууда.

Индонезия жана Эфиопияда 737 MAX үлгүсүндөгү эки учак кыйрагандан кийин 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгында Boeing аба кемелерине түшкөн тапшырыктардын үчтөн бир бөлүгү кыскарды.

Апрелде Boeing 737 MАХ учактарынын учууларын токтотууга байланыштуу чыгымдарга 1 миллиард доллар жумшай турганын маалымдаган. Аналитиктер бул сан дагы кескин жогорулашы мүмкүн экенин божомолдошууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз