Суббота, 18 мая

Бишкекте ФЕТӨ тууралуу даректүү тасма көрсөтүлдү

0
  1. TRT World тарабынан даярдалып Брюссель, Нью-Йорк, Берлин сыяктуу шаарларда көрсөтүлгөн жана ФЕТӨнүн табышмактуу торун ортого чыгарган «The Network» даректүү тасмасы 13-июлда Бишкекте көрсөтүлдү.

ФЕТӨ ишмердүүлүк жүргүзүп жаткан бардык өлкөлөр үчүн коркунуч туудурарын баяндаган «The Network» даректүү тасмасы катары менен Франция, Англия, Түндүк Македония, Германия, Босния-Герцеговина, Албания, Казакстан, АКШ, Түштүк Африка, Кыргызстан, Италия жана Косоводо көрсөтүлүп келе жатат.

Түркиянын Президенттик аппараттын коммуникация бөлүмүнүн башчысы Фахреттин Алтун, Фетуллахчы террор уюмунун (ФЕТӨ) караңгы жана канкор жүзүн дүйнө жүзүнө көрсөтүүнү улантып жатышканын өзүнүн социалдык медиа баракчасында жазды. 

Даректүү тасма 8-июлда Париж жана Лондондо, 9-июлда Скпьеде, 10-июлда Берлин, Сараево жана Тиранада, 11-июлда Шкодер, Нью-Йорк жана Нур-Султанда көрсөтүлдү. 12-июлда Йоханнесбургда, 13-июлда Бишкекте, 14-июлда Рим жана Приштинада, 15-июлда Миланда көрсөтүлөт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз