Суббота, 18 мая

Казакстандын президенти Токаев Кыргызстанга мамлекеттик визит менен келет 

0

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев үстүбүздөгү жылдын күзүндө Кыргызстанга мамлекеттик визит менен келет. Бул тууралуу Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин КРга болгон расмий визитинин алкагында кеңири форматтагы жолугушууда билдирди.

Ал маалымдагандай, бүгүнкү иш-чара убакытты тактап алуу үчүн жакшы мүмкүнчүлүк болду.

Белгилей кетсек, учурда Бишкекте VIII кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны өтүүдө. Ага Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жана бүгүн Кыргызстанга расмий визит менен келген Казакстандын өкмөт башчысы Аскар Мамин катышууда.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз