Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты добуш сатып алууга шектелүүдө.
Бишкек шаардык милициясынан билдиришкендей, бүгүн кыргыз сегментинин социалдык тармактарында Социал-демократтар партиясынын И.К. аттуу штаб башчысы Д.Ч. аттуу адам менен сүйлөшүп жаткан аудиожазуусу пайда болгон. Анда алар үстүбүздөгү жылдын 17-ноябрында өтө турган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын добуштарын сатып алууну талкуулашкан.
Аталган факты боюнча Бишкек ШИИББнин Тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренеси (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) менен кылмыш иши козголду.
Учурда, кылмыш иши боюнча зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат. Кошумча маалымат берилет.
Массалык маалымат каражаттары, И.К.нын Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ирина Карамушкина экенин жазууда.