Суббота, 23 ноября

Ташиев: Матраимов бюджетке 200 млн доллар төлөдү

0

Матраимов Кыргызстандын бюджетине 200 млн доллар (17 млрд сом) төлөп анан үй камагына чыкты. Бул тууралуу Камчыбек Ташиев депутат Балбак Түлөбаевдин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

“Матраимов кармалганда 3 кылмыш ишин козгогонбуз: чек араны мыйзамсыз кесип өтүү, бейбаштык, кылмыштуу кирешелерди адалдаштыруу. 8 ай тергедик, 2 күн мурун чыгардык. Райым Матраимов Кыргызстандын бюджетине 200 млн доллар (17 млрд сом) төлөп, анан чыкты. Буга чейин 2,5 млрд сом төлөгөн. Жалпысынан Матримов бюджетке 19,5 млрд сом төлөдү. Анын баарын накталай төлөгөн жок, мүлкү менен да төлөдү. Мүлкүнүн баарын экспертизадан өткөрүп, баалап, арзан баада кылып алдык”, — деди УКМК жетекчиси.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз