«Жергиликтүү кеңештерди шайлоо жөнүндө» мыйзамын бузгандыгы үчүн Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына «Социал-демократтар» саясий партиясынын талапкерлерин каттоо жокко чыгарылды. Мындай чечим Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын жыйынында кабыл алынды. Бул тууралуу аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Бахадыр Коңуров «Кабар» агенттигине билдирди.
Анын айтымында, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын Тергөө кызматы тарабынан маалымат келип түшкөн. Анда «Социал-демократтар» партиясынын добуш сатып алуу фактысы аныкталгандыгы жана кылмыш иши козголгондугу айтылган.
«Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы буга чейин да «Социал-демократтар» саясий партиясы тарабынан үгүт иштеринин шарттары бузулгандыгын аныктаган. Ага ылайык, партияга эскертүү да берилген», — деди Бахадыр Коңуров.
Белгилей кетсек, бүгүнкү жыйында кабыл алынган чечимдин көчүрмөсү Боршайкомго, Бишкек ШИИББине жөнөтүлөрү жана «Социал-демократтар» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлүнө берилери айтылды.
Муну менен катар добуш сатып алууга шектелип “Социал-Демократ” саясий партиясынын бир катар мүчөлөрү кармалды.
Маалыматта белгиленгендей, жергиликтүү кеңештердин депутаттарына талапкерлерди шайлоо үчүн шайлоочулардын добуштарын сатып алууга шектелип “Социал-Демократ” саясий партиясынын лидери жана бир катар мүчөлөрү кармалды.
Буга чейин социалдык тармактарда жогоруда аты аталган партиянын мүчөлөрүнүн добуштарды сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөрү тараган.
Анын негизинде Бишкек ШИИББнын Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 196- беренесинин 1- бөлүгүнө (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) ылайык кылмыш иши козголгон.
Жогорудагылардын негизинде күбө катары “Социал-Демократ” партиясынын лидери Т. С. жана бир катар мүчөлөрү К.И., А.Р., А.Н., С.Б., А.К., Ч.Д., Н.Н., Т.Р. А.Б. суракка алынып, алардын ичинен К.И., Т.Р. жана учурда Т.С кармалып, кылмыш жасагандыгы боюнча айыпталган.
Кармалган жарандар Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
«Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Анын жыйынтыгы менен бардык катышкан адамдардын аракеттерине мыйзам чегинде юридикалык баа берилет», — деп айтылат маалыматта.