Кыргызстанда бүгүн, 16-ноябрда Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо сырттан добуш берүү жүрүп жатат.
Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, өлкөнүн шайлоо комиссияларына сырттан добуш берүү үчүн 9 538 арыз түшкөн.
Алсак, жашы боюнча шайлоо участкаларына келе албай турган шайлоочулардан 3 746 арыз, майыптыгы боюнча 1 979, оорусуна байланыштуу 3 145, айрым категориялардын өкүлдөрүнөн, башкача айтканда үзгүлтүксүз иштөө (ротациялоо) цикли бар ишканаларда, стационардык медициналык мекемелерде, камакта кармоо жайларында шектүү жана айыпкер катары болгон жарандар, ошондой эле аскер кызматчылары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү, аскер бөлүктөрүндө жашаган башка адамдар, аскердик персоналдын шашылыш кызматтарынан 668 арыз түшкөн.
2437 участкалык шайлоо комиссиясынын ичинен 1129 комиссия сырттан добуш берүү өткөрүүдө.
Эскерте салсак , сырттан добуш берүү добуш берүү күнүнө бир календардык күн калганда саат 08:00дөн 20:00гө чейинки аралыкта жана шайлоочунун добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде гана жүргүзүлөт.