Среда, 22 января

Эми Украина Орусияга ATACMS ракеталары менен сокку урат

0
АКШ президенти Жо Байден Украинага ыраакка атылуучу ATACMS ракеталары менен Орусиянын тереңдеги аймактарына сокку урууга уруксат берди. Бул тууралуу New York Times америкалык администрациянын өкүлдөрүнө таянуу менен билдирди.
Макалада бул АКШнын тышкы саясатындагы орчундуу кадам экени белгиленген: өлкө башчы чечимди президенттик шайлоодо жеңишке жеткен Дональд Трамптын кызматына киришерине бир ай калганда кабыл алды. Ал эми Трамп буга чейин Украинага колдоону азайтуу тууралуу айтып келгени маалым.
Басылмага маек курган адамдардын айтымында, Байден мындай чарага «Курск облусуна Түндүк Кореядан аскер күчү келди» деген кабардан кийин барган. Украина берилген курал менен россиялык жана аталган аймакта жайгашты делген түндүк кореялык аскер күчүнө сокку урмакчы.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз