Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо саат 20:00гө карата шайлоочулардын 27,83 %ы добуш берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
Тактап айтканда, катталган жалпы 4 млн 135 миң 39 шайлоочудан 1 млн 150 миң 931 жаран добуш берди. Анын ичинен шаардык кеңештерге 392 миң 844 жаран добуш берсе, ал эми айылдык кеңештерге шайлоого 758 миң 87 жаран катышкан.
Белгилей кетсек, бүгүн Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерди шайлоо өттү. Саясий өнөктүккө карата өлкө боюнча 2437 шайлоо участкасы ачылды. Ошондой эле жалпы 10 шайлоо участкасында аралыктан добуш берилди.
БШКнын маалыматына таянсак, жергиликтүү кенештердин депутаттарын шайлоо үчүн шайлоочулардын жалпы саны 4 135 039, анын ичинде эркектер — 2 000 528 (48,38%), аялдар — 2 134 511 (51,62%) түзөт.
Жалпысынан 33 шаардык кеңеште 993 депутат жана 231 айылдык кеңеште 5391 депутат шайланат.